Манас Эл Аралык аэропортунун туунду компанияларынын бири «Манас Менеджмент Компаниясы» ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи
Бүгүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААК түзүмүндөгү «Манас Менеджмент Компаниясы» 25 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи.

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Манас Менеджмент Компаниясынын» Бортто тамактануу борборунун директору Чолпон Алымкулова
«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК курамына учактарды эффективдүү жана өз убагында тейлөө үчүн бардык керектүү адистештирилген жабдуулар менен жабдылган аба жүктөрдү жана учактагы тамактануу тейлөө борбору кирет.

«Манас Менеджмент Компаниясы» Эл аралык Ишкерлер кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Жарандык авиация ишканаларынын Ассоциациясынын Юридикалык жактардын Ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү, жана “ISO 22000” эл аралык сапат стандартынын сертификаты бар экендигин сыймыктануу менен белгилей алабыз.

Аталган иш чарада «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов куттуктоо сөзүн сүйлөп. Анда төрага «Манас Менеджмент Компаниясынын» кызматкерлерине кесиптик компетенттүүлүгүнүн, чыгармачылыгынын жана өнүгүүгө болгон тынымсыз умтулуусунун аркасында таасирдүү бийиктиктерге жетишкени үчүн ыраазычылык билдирди

#airportkg #airportmanas #манасменеджмент #МанасбекСамидинов
Турсун Омуралиева
Маалымат Манас Эл Аралык аэропортунун өздүк баракчасынан алынды
https://www.facebook.com/manasairport?mibextid=ZbWKwL