“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

«Жаңы-Жер» Жамааттык медиа борбору жыл жыйынтыгына катышты

12 Ноябрь 2023 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 167

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Жаңы-Жер# жамааттык медиа борбору 11-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясына катышты.

Бишкек шаарында өткөрүлгөн бул иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жетекчилери, активдүү кабарчылар, кызматташкан уюмдун өкүлдөрү, өнөктөштөр жана атайын коноктор келишти.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова

Конференцияга Жамааттык ЖМКлар Бирлиги ачылгандан бери туруктуу колдоп келген
Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия координатору Lydia Rahnert катышты.

Сүрөттө: Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия координатору Lydia Rahnert. Жамааттык ЖМКлар бирлигинин директору Назира Жусупова менен

Конференцияда жамааттык медиалар жыл ичинде жетишкен ийгиликтерине токтолуп, аткарылган долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүштү.

Жыл жыйынтыктоочу конференциясы аяктагандан кийин фуршеттик дасторкон уюштурулду

Учурда Бирликтин мүчөлүгүндө Республика аймагында 27 жамааттык мультимедиа борборлор жана 3 үналгы ишмердүүлүгүн кылууда.

Турсун Омуралиева

#жаныжермедиа
#жамааттыкмедиа