Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан №43-кесиптик лицейдин мультимедиа борбору 2017-жылдан бери ишмердүүлүгүн жургүзүүдө.Ар жылы кесиптик лицейдин мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында Жаматтык ЖМКлар Бирлигинин (АОСМИнин) колдоосунда тренингдер өткөрүлүп турат. Медиа борбордо иштеген ыктыярчылар лицейди бүтүрүп кеткендигине байланыштуу медианын иши бир аз токтой түшкөн. Бирок жаңыдан кызыккан окуучулар үчүн 19-20-октябрда жаңылык жазуунун негиздерин, интервью алууну, сайтка макала чыгарууну үйрөткөн тренингди Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин SMM адиси Перизат Таштанова өткөргөн»
Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдеги мультимедиа борборунда быйылкы жылы 3 окуучу ыктыярчылык кылууда. №43-кесиптик лицейдин 2-курсунун окуучусу Нураида Каримжан кызылицейде ичиндеги ар кандай багыттагы жаңылыктарды чагылдыруу үчүн текст менен иштөө, сайтка маалымат жайгаштыруунун эрежелерин, социалдык медиада контентти өнүктүрүү, видео тартуу, монтаждоо боюнча билимин жакшыртууда.

Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин окуучусу Нураида Каримжан кызы
№43-кесиптик лицейдин окуучусу Нураида Каримжан кызы: «Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы №11-Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинен келгенмин. Бул лицейге мен эжем аркылуу келгенмин. Эжем Гүлзада Мирзамамутова бул лицейдин «Ашпозчу-кондитер-навайчы» кесибинин бүтүрүүчүсү. Учурда лицейде окугандан тышкары мен медиа борбордо кабарчылык ишти аткаруудамын. Келечекте журналист болом деген кыялымды ушул лицейден баштоого мумкүнчүлүк болууда. »

№-43-кесиптик лицейдин медиаборборунун ыктыярчы-кабарчысы Нураида Каримжан кызы интервью алууда
Турсун Омуралиева