Сокулук районундагы Жаны-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде жана «ашпозчу» кесибинде окуган тайпалар арасында ашпозчулардын “Мыкты ашпозчу” таймашы болуп өттү. Бул кароо-таймаш №43-кесиптик лицейдеги 1-2-3-курстар арасында өткөрүлдү. Буга чейин «Мыкты-ашпозчу» кароо-таймашынын 1-туру өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 2-турга катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Аталган кароо-таймаштын максаты кесиптик лицейдеги «ашпозчу» кесибинин даражасын көтөрүү, келечектеги жаш адистердин деңгээлин арттырууга шыктандыруу жана жетишкендиктерин баалоо максатында №43-кесиптик лицейдин устаты Динара Абакова тарабынан уюштурулууда.

Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдеги окуучулардын көпчүлүк бөлүгүн «ашпозчу» кесибинде окуган окуучулар түзүшөт. Жыл сайын бул кесиптик лицей жүздөгөн жаш ашпозчу кадрларды даярдап чыгарат. Учурда ашпозчулук кесиби боюнча 5 тайпа бар, андан сырткары кыска мөөнөттүк окутуулар болуп турат.

Бүгүнкү кароо-таймашта ар бир жамааттан 2 ден ашпозчу болуп, жалпысынан 48 окуучу 2 турдагы таймашка катышты. Дегеле келечектеги ашпозчулук кесиптин ээлери ойлоп тапкыч, фантазиясы, дүйнө таанымы кенири болуш керек. Алар адамдардын табитин таба билүүсү зарыл.

«Мыкты ашпозчу» кароо-таймашынын катышуучулары берилген тапшырмалар боюнча даярдаган тамактарын алып кезекте турушат
Ал эми биздин №43-кесиптик лицейдин келечектеги ашпозчулары, бүгүнкү калыстар тобунун табитин табууга фантазиясын, бар чыгармачылыгын, ойлоп табуучулук менен аракеттерин тынбастан жасашты. Андан башка да келечектеги кесиптин ээлеринде чыдамкайлык, ишенимдүүлүк, тазалык сыяктуу сапаттарын дагы көрсөтө алды.
https://youtube.com/shorts/VEiCQukP3EY
Эскерте кетсек, Жаы-Жер айылыгндагы №43-кесиптик лицейде»ашпозчу» кесиби боюнча окуучулар арасындагы кароо-таймаштын
Турсун Омуралиева