“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицей: Окуучулардын мекенчил сезимин ойготуу керек

17 Ноябрь 2023 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 91

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейде «Аскерге чейинки даярдык» сабагы башкача формада өтүлүүдө. Кесиптик лицейдин «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов сабак өтүүдө окуучуларды айыл аймагында жайгашкан,  Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 10-ротасы менен кызматташууда.

Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин мугалими Узакбай Исмаилов, мындай ыкмада сабак өтүү аскерге чакырууга чейинки даярдоонун максаты балдарда патриоттуулукту, жарандык жана аскердик милдетти калыптандыруу, өз мекенин коргоого даярдоо болот деген оюн билдирүү менен төмөнкүлөрдү айта кетти: «-Мен «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими катары айта кетсем, лицейдин китепканасында предметтик окуу китеби жок. Илгерки союз маалынан калган он чакты эски китеп калган экен. Бирок сабактын максатына жетүү үчүн, кырдаалдан чыгуу жолдорун өз алдынча изденип, керектүү материалдарды интернеттен алып жатамын. Андан тышкары Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10- ротасы менен кызматташуудамын.

Себеби биздин лицейде окуучуларга көрсөткөнгө колдо курал-жарак жок. Анткени бул маселе эң чоң мааниге ээ. Автоматты кармап көрүп, ажыратып кайра чогултуп көрсө жаштарда башкача сезим пайда болот. Бирок тилекке каршы, бизде андай шарт жок.  Мына ошондуктан, бул кырдаалдан чыгуу жана окуучулардын мекенчилдик сезимин ойготуу үчүн аскер бөлүктөрүнө жок дегенде ай сайын бир жолу окуучуларды алып барып трамын. Анткени окуучулар аскерлердин жашоосун, курал-жарактарды, машыгууларды өз көзү менен көрсө мекенчилдик сезими ойгонот.

Ал эми биздин Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10- ротасынын жетекчилигине ыраазычылык билдире кетет элем. Келечектеги мекен сакчыларын даярдоодо кызматташып жаткандары үчүн. Алар менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жургүзүп,  жылына бир жолу ачык эшиктер күнүн өткөрүп, окуучуларды алып барып турабыз. Балдар аскерлердин жашоосун, тамак ичкен, уктай турган, машыккан жерлерин, кийимдерин, курал-жарактардын, техникалардын түрүн көрүп келишет. Ошол дагы аябай жакшы эффект берет. Жакынкы аскер бөлүктөргө ушундай ачык эшик күндөрдү көбүрөөк өткөрүп турсак жакшы болмок-деген оюн билдирди Узакбай Исмаилов

Турсун Омуралиева