“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-Кесиптик лицейде атаандаштык күч алды

25 Ноябрь 2023 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 97

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаң-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде ашпозчу кесибинин окуучулары арасында кароо-таймаштын 3-туру болуп өттү.  Өткөн жумада №43-кесиптик лицейдин «ашпозчу» кесибинде окуган  тайпалар арасында «Мыкты ашпозчу»  кароо-таймашы өткөрүлгөн. Ал эми бүгүн 2-турдан тандалып алынган  келечектеги ашпозчулар финалга жетүү үчүн ат салышышты. Бул жолкусунда жалпы 14 команда катышып, ар бир командада экиден окуучу болду.

Бүгүнкү кароо-таймашта берилген тапшырмалар олуттуу болуп, үйгө берилген тапшырмада «Кыргыз улуттук даамы» деген тема боюнча улуттук тамактарды даярдоо менен «Менин сүйүктүү кесибим» деген темада эссе жазуу болгон. Ал эми  практикалык иш боюнча «Менин сүйүктүү тамагым» деген өз алдынча иш берилип, өздөрү тандап алган тамакты калыстардын көз алдында даярдашты.

Үй тапшырма боюнча даярдалган улуттук тамак аштар

Калыстар тобу

Кароо-таймаштын жыйынтыгында корея мамлекетинен келген ыктыярчы-ашпозчу Енгми Муун келечектин ашпозчуларына  төмөнкүчө айта кетти: «Урматтуу менин окуучуларым. Мен айтаар элем, 1950-жылы Кореяда согуш болгон. Согуштун айынан көптөгөн адамдар каза болгон. Маалыматтар боюнча жалпысынан 150 миллион адам каза болуп, сансыз жетим балдар, толук эмес үй-бүлөлөр көбөйгөн. Материалдык чыгымдардан улам жегенге тамак аш аз болгон. Мына ошондо адамдарда жашоо үчүн атаандаштык күч алган. Алар жакшы жашоо куруш үчүн изденишкен, бири биринен өтүп ишкер болушкан. Атаандашуу менен жакшы жашоого жетишкен. Ал эми бүгүнкү таймаш силердин келечекте мыкты ашпозчу болууңарга өбөлгө түзөт. Атаандашууменен силер көп нерсени үйрөнүп, келечекте мыкты ашпозчу болосуңар»

Кореядан келген ашпозчу-устат Енгми Муун

№43-кесиптик лицейдеги өткөрүлгөн кароо-таймашта  100 гө жакын тамактын түрү даядалып,  окуучулар аркылуу социалдык медиада (№43-кесиптик лицейдин өздүк баракчаларында) https://www.instagram.com/p/Cz_OfJvM_LW/?igshid=NzBmMjdhZWRiYQ==
https://vt.tiktok.com/ZSNHe9Gr3/  өзгөчө иш-чаралары менен бөлүшүштү.

Айта кетсек, жакында Сокулук районундагы №43-кесиптик лицейде окуучулары жана аларды окуткан устаттары арасында финалдык кароо-таймаш өткөрүлөт. Анда ашпозчулар тамак аштарын даярдап, биринчиликке ат салышат. Ал күнгө сырттан келген  калыстар чакырылган. Сынак 3 номинация менен өтөт. Биринчи үчүнчүлүктү багындарган жеңүүчүлөргө байгелер берилет.

Турсун Омуралиева