“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Үй-бүлөдө тарбия жетишсиздиктен зомбулуктун күч алышы мүмкүн.”

26 Ноябрь 2023 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 69

Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү 25-ноябрда белгиленет. Бул көйгөйгө карата бүгүн,  социалдык тармактарда маалыматтар таратылып, Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.

Үй-бүлөлүк зомбулукка ар бир адам туш болушу мүмкүн – бай же кедей, шаардык же айылдык- айырмасы жок. Дал ошол себептен гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн ар бир жаран аракетибизди кылып, биримдикке алып келишибиз керек.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Динара Абакованын айтуусу боюнча:
«Эгер үй-бүлөөдө ата эне урушуп жатса аны көрүп турган баланын да психологиясы бузулат. Кийин ал ошол эле нерсени өзүнүн үй-бүлөөсүнө кайталашы мүмкүн. Ошондуктан тарбия башаты ата-энеден болот. Ар бир балага жаштайынан тартып мектепте түшүндүрүү иштери жасалып жана үй-бүлөөдө туура тарбия болушу керек. Үй-бүлөдө тарбиянын жетишсиздиктен зомбулук күч алышы көбөйүүдө.”

Айта кетсек, үй-бүлөлүк зомбулук – Бул бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири бирине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Үй-бүлөлүк зомбулук термини көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат, бирок кеңири мааниде балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт.

Турсун Омуралиева