“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Зейнеп Бекбоева: «Кудай алдындагы жоопкечиликтен корком»

26 Ноябрь 2023 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 158

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде Зейнеп Бекбоева «ашпозчу» кесиби боюнча сабак берет. Ал уникалдуу реабилитациялык топто сабак өтөт, ал жерде социалдык камсыздоого муктаж студенттер, ошондой эле майыптыгы бар балдар билим алат.

№43 -кесиптики лицейдин устаты Зейнеп Бекбоева

Зейнеп Бекбоева аларды ар түрдүү тамак аштарды жасоого топ менен иштөөгө үйрөтөт. Бул окуучуларга ашпозчу кесибин үйрөтүү жеңил иш болбогондугуна карабастан,аларды кесипке үйрөтүү үчүн жанын үрөп иштейт. Зейнеп Бекбоева өзү айткандай «Бул балдарды кесипке үйрөтүп окутуу мага берилген соң татыктуу билим берүү жоопкерчилиги менин моюнумда. Мен бул балдар үчүн кудай алдында жооп бергенден корком. Мен жардам бербесем, ким жардам берет. Бул менин түздөн түз милдетим».

Сүрөттө; Зейнеп Бекбоева окуучусуна тамак жасаганды үйрөтүүдө

Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейдин окуу тарбия боюнча директордун орун басары Чынара Алиева, «ашпозчу «кесибинин устаты Зейнеп Бекбоева жөнүндө төмөнкүчө айта кетти.
«Зейнеп Бекбоева тажрыйбасы мол, күчтүү устаттардын катарында. Мындай өзгөчө балдарды окутуу оңой эмес. Түйшүгү көп, жоопкерчиликтүү жумуш экенине карабай көп жылдан бери эмгектенип келет. Жөндөмдүүлүгү начар балдардын тилин таап, өзгөчө бир ыкмалар менен окутат.Өз алдынча эч нерсе кыла албаган окуучулары учурда тамак жасаганды үйрөнүштү. Күндүз сабак берип, кечкисин жатаканада окуучуларын тарбиялап жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүүдө. Эжеге ден-соолук гана тилейбиз»

Турсун Омуралиева