“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицей: Кыз-келиндер VIBES долбоорунун алкагында ишкерликти башташат.

1 Декабрь 2023 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны: 96

         Элеттик кыз-келиндер VIBES долбоорунун алкагында ишкерликти башташат. Алар буга  чейин Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде кыска мөөнөттүк «Тигүүчү» кесибин окушту.  Азыркы учурда тигүүчүлүк кесипти өздөштүрүшүп, колдоруна адистигин тастыктаган сертификаттарды колго алып, ишкерликти баштоо алдында турушат. 

Аталган долбоордун алкагында, Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде Мирное айылынан келген кыз-келиндер тигүүчүлүк кесипке ээ болушту. Буга чейин алар, эмгек рыногунда 15 жаштан 35 жашка чейинки аялуу жаштардын социалдык-экономикалык интеграциясын туруктуу жакшыртууга, турмуштук көндүмдөрдү жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана аларды эмгек рыногунда интеграциялоо үчүн ийгиликтүү колдонуу жөнүндө окутуудан өтүшкөн.

Аларды тигүүчү кесибине үйрөтүү үчүн  VIBES долбоору каржылады. Долбоордун максаты: турмуштук көндүмдөрдү жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана аларды эмгек рыногунда интеграциялоо үчүн ийгиликтүү колдонуу.

Кыздарга тигүүчүлүк өнөрдү үйрөткөн, №43-кесиптик лицейинин «тигүүчү» кесибинин устаты Нургүл Абылкасымованын билдирүүсү боюнча; «-Бул кыздар VIBES долбоорунун алкагында бизге келип окушту. Жаңы келишкенде тигүүчү машинкага отуруп көрбөгөн кыздар болуучу. Эң биринчи тигүүчү машинканы иштетүүдөн баштап үйрөттүм.  Түз тигиштерди тиге алышпай бир топ кыйналышты. Баардыгы аракетчил кыздар экен кыска убакытта мен ойлогондон дагы жакшы жыйынтыкка жетишишти. бизде окушкан «ашпозчу» кесибинин окуучуларынын адистик кийимдерин тигишти.

Андан сырткары  практикалык сабак учурунда, кесиптик лицейдин ашканасынын стол, стулдарына чехолдорду, тасымалдарды тигип жардамдашышты. Мен өзүм дагы бул кыздарга көнө түшүптүрмүн. Бирок бул кыздар бүгүн колдоруна сертификатын алышып, ишкерликти баштоо алдында турушат. өздөрүнүн айтуусу боюнча, биргеликте ишкерлик кылышмакчы»

 

Турсун Омуралиева