Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде Кыргыз Республикасындагы Япон Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин JICA долбоорунун менеджери Кунио Нишизаки, «j-lead» президенти Хидеюки Иношита менен Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи баш болгон өнөктөштөр менен жолугушуу өтөрүлдү.

Япон Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин JICA долбоорунун өкүлдөрүнүн №43-кесиптик лицейге келүү максаты органикалык жер иштетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди көрүү болду.

Кесиптик лицейдин базасында 2011-жылы долбоордун алкагында, биогаз орнотулуп, аны менен бирдикте компост жасоочу жай , электр энергиясыз жашылча жемиштер сактоочу кампалар салынган.

Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты адистигинде окушкан кесип ээлерин органикалык жер иштетүүгө, ашпозчу адистигиндеги окуучуларды калдыксыз тамак аш жасоого үйрөтүү үчүн баардык окуу стациялары курулган.
Таза кыртыш-таза үрөн-таза тамак-дени сак инсан чынжырчасы принциби менен лицейдин баардык кесиптерин алуучу адистер окутулат.

Турсун Омуралиева