“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицейдин кызматкерлери биогаз боюнча симпозиумга катышты

2 Декабрь 2023 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 83

Сокулук районун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин кызматкерлери, өнөктөштөрдүн чакыруусу менен «Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биогаз технологиялары» Бишкек шаарындагы Hyatt Regency  мейманканасында өткөрүлгөн симпозиумуна катышты. Бүгүнкү симпозиум (илимий маселе боюнча өткөрүлчү эл аралык кеңешме), «Айыл чарба министрлиги» жана «Айлана чөйрөнү коргоо» департаментинин колдоосу менен «FLUID Biomass изилдөө компаниясы» Коомдук Фонду» тарабынан уюштурулду.

Аталган иш чарага JICA долбоорунун менеджери Кунио Нишизаки, FLUID КФнын өнүктүрүү боюнча директору Татьяна Алексеевна Веденева, «j-lead» президенти Хидеюки Иношита, Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи баш болгон чет өлекөлүк өнөктөштөр катышышты.

Симпозиумдун (илимий маселе боюнча өткөрүлчү эл аралык кеңешмедеги) чет өлкөлүк өнөктөштөр:

  • JICA долбоорунун менеджери Кунио Нишизаки, Өнүктүрүү борборунун президенти КФ жана «Кайра жаралуучу энергия жана энергиянын натыйжалуулугу»жөнүндө,
  • FLUID КФнын өнүктүрүү боюнча директору Татьяна Алексеевна Веденева  “Кыргызстандагы биогаз технологиялары” жөнүндө,
  • «j-lead» президенти Хидеюки Иношита «Япониядагы сүт чарбачылыгы» жөнүндө
  • Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн технологиялары жана Кыргызстандын айыл чарбасы» жөнүнүндө баяндама жасашты.

Андан сырткары «Айлана-чөйрөнү коргоо» департаментинин директору
Турсуналиев Сагынбек Сатыбекович «ОСКнын негизги ишмердүүлүгү» жөнүндө  баяндама жасагандан кийин Кыргызстандагы жеке ишкерлер,

  • Иманкулов Бекжан Тыныбекович “Кыргызстанда чоң газ жер семирткичтерин иштеп чыгуу”
  • Пяк Игорь  «Органикалык жер семирткичтер вермикомпост»
  • Малабаева Нургүл Маликовна  «Биологиялык калдыктарды кайра иштетүү» жөнүндө өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ал эми  №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев «Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биогаз технологиялары» жөнүндөгү эл аралык илимий кеңешмеден кийин төмөнкүчө оюн боюнча айта кетти: «Бүгүнкү жыйында биз көп маалымматтарды уктук. Азыркы учурдагы замандын глобалдуу проблемалары бардык өлкөлөрдү жана дүйнө элдерди тынчсыздандырууда. Себеби заманбап шарттарда адамдын айлана чөйрө менен болгон мамилесинин натыйжасында болуп көрбөгөндөй жаңы коркунучтар пайда болууда, алардын бири глобалдык климаттын өзгөрүшү.  Биз азыр  лицейде окуган,  айыл чарба өндүрүшүнүн устаттарын келечектеги жаш дыйкандарды органикалык жер иштетүүгө, таза кыртыш, таза үрөөн, таза тамак, дени сак инсан деген принципке маани беришин талап кылып, аң сезимине киргизип, кесипке үйрөтүп окутушубуз керек».

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча,  Кыргызстанда 1 миллион 680 миң 750 бодо мал бар. Кыргызстанда бардык чогултулган мал калдыктарын кайра иштетүү 16 миллион тоннага чейин суюк жер семирткичтерди өндүрөт жана республиканын айыл чарбасынын керектөөлөрүн толук канааттандырат.

 

Турсун Омуралиева