“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицей; «Тарбиянын жакшысы-тагдырдын ачкычы»

11 Декабрь 2023 жыл 19:48
Көрүүлөрдүн саны: 114

  Чүй облусунун Сокулук районундагы № 43-кесиптик лицейде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар «Нарктуу апалдар» Коомдук бирикмесинин апалары Анаргүл Алымбаева жана Батма Султанбаевалар тарабынан уюштурулган.  Негизги максаты — инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн калыптандыруу үчүн сапаттуу билим жана тарбия берүү жөнүндө болду.

Семинардын биринчи бөлүгүн тарбия иштеринин уюштуруучусу Батма Султанбаева ачып, семинардын катышуучуларына жана жалпы мугалим-устаттарга Анаргүл Алымбаева  менен биргеликте окуучуларга  «Адептүү болсоң жашыңдан, сый урмат кетпейт башыңдан» деген теманын үстундө талкуу жүргүзүштү.

«Нарктуу апалар» Коомдук Бирикмесинин нарктуу энеси Батма Султанбаева

Семинардын экинчи бөлүгүндө  №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев окуучуларга «Жети атаңды биле жүр» деген сөзгө кандай маани бересиңер? деген  суроо узатып, окуучулар менен бирге талкуулашты.

Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев

» Кыргыздар байыртадан бери балдарынын кулактарына жети атасынын ысымдарын куюп келген. Эгер бала жети атасын билбесе уят болгон. Ар бир кыргыз инсаны жети атасын билүүсү зарыл. Өзгɵчɵ эр азаматтар. Кыргыздарда сɵз бар «Жети атасын билбеген кул». Атанын милдети баласына жети атасын үйрөтүп жатка айттыруу»-деди Бакыт Темиралиев

Биздин маектештин айтымында эгерде атасы жети атаны билбесе туугандарынан же болбосо санжырачылардан сурап билсе болот. Жети ата тɵмɵнкүдой аталат ата, чон ата, баба, буба, жете ,жото, теги. Кыз алганда кыргыздар теги кандай экен деп сураган ал эми урушканда «Жетесинде жок экен» деген сɵз калган.

№43-кесиптик лицейдин «Ашпозчу» кесибинин окуучусу Мадина Турганбекова, жети атасын айтып берүүдө.

Семинардын жүрүшүндө кызыгып окуучулардан жети атасын сурадык. Бардыгы билишет экен. «Ашпозчу» кесибинин Медина Турганбекова Нарын облусунун Эмгекчил айылынан  келген.  Ал жети атасын жаңылбай санап,  ал тургай жети атасынан ашырып Кытай уруусунан экенин далилдеп бере алды»

Турсун Омуралиева.