Сокулук районундагы №43-кесиптик лицейде 25-ноябрдан бери «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталган. Аталган иш чараны №43-кесиптик лицейдин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиеванын иш планынын алкагында уюштурулууда. Мындай иш чаралар бир тилектештиктин алкагында мугалим-устаттар, жатаканада иштеген тарбиячылар биригүүсүндө уюштурулат. Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да 25-ноябрда аялдарга каршы өкүм зорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясын кесиптик лицейдин жаштары дагы жыл сайын өткөрүп келет.
Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь, Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнүндө башталат жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.
16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.
Көпчүлүк адамдар ырайымсыз мамилени, зомбулукту үй-бүлөдөгү чыр-чатак деп кабыл алып, жабырлануучулар (аял, эркекине карабай) бардык убакта укук коргоо органдарына кайрыла бербейт. Ал эми зомбулук жасап жаткан адам кылгандарын туура деп ойлоп, актоого боло турган көрүнүш катары кабылдайт, башкалар да ага көз жумушат. Бул балдар жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулуктун кайталанышына, күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
Эсиңиздерге сала кетсек;
Турсун Омуралиева