“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер: Ызгарлуу суукта жол каттамы токтоду

16 Декабрь 2023 жыл 10:16
Көрүүлөрдүн саны: 177

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Зелёное айылына катоочу жол кар күрткүдөн жабылып унаалардын каттамы токтоп калган. Жолдун жабылышынан улам айыл тургундары, унаа ээлери ызгаар суукта жол тазалоону өздөрү колго алышты. Айыл тургундарынын билдирүүсү боюнча жол тазалоочу унаалары 5 сааттан ашык убакытта келген. 

Жаңы-Жер айылына караштуу Зелёное  айылынын тургуну Узакбай Исмаилов: «Мен Зелёное айылынан Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейге каттап  иштеймин. Калың жааган кардан дагы, ызгаарлуу шамалдын кесепетинен жол жабылып калды. Өткөн 14-декабрь  күнү кечки саат 18.03 мүнөт өткөндө 112 кызматына жол тазалоочу унааларды жардамга чакырган элем, андан ошол эле замат Сокулук МЧС кызматына чалдым. Бирок жол тазалоочу унаасы 23.30 келди. Таң калганым 40 км аралыкка беш жарым саата келгени.
Баягы эле жарым саатта келип калат, он беш минутада келип калат деп элдин күткөнү..
Ага чейин жолдо калган автоунаа ээлери бири бирине жардам берип бирден болсо да унаалары чыгарып кетишти. Кеч келсе да шүгүр айтып отурабыз. Ал эми бүгүнкү күнү атайын грейдер келип жолду тазалап кетти. Рахмат айтайын десем элдер өз күчү менен чыгарышты, айтпайын десем көп убакыт өтсө да жол тазалоочу унаасы келди.
Айтарым ар бир айыл өкмөтүндө өзүнө бекитилип берген бирден грейдер машиналары болсо ушундай, керектүү маалда, бирөөгө жалдыратпай эле жолдорду тазалап койсок болмок. Баарынан да мектеп окуучуларын ойлойсуң.
Табигаттын айтылбай келген кырсыктарынан Жараткан Алла Таала өзү сактасын. Бул видеолор ошол күнү өзүмдүн телефонум менен  тартылган.»

Турсун Омуралиева