“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

2024-Жаңы-Жыл кайсы жыл?

27 Декабрь 2023 жыл 22:22
Көрүүлөрдүн саны: 1124

Чыгыш жыл санагы боюнча келе жаткан 2024-жыл Ажыдаар жылы. Астрологдор Ажыдаар жылы өзгөчө жыл болот дешет. Ал эми кыргызда – Балык жылы деп аталат жана келеерки жылы 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012, 2024-жылы туулгандардын жылы келе жатат.

Ажыдаарды кыргыз эли  улуу деп айткан. Ошон үчүн кытайдан кыргызга которулган улуу жыл. Негизи кыргыздардын жыл санагы боюнча келе жаткан 2024-жыл Балык жылы болуп саналат.

Ал эми бүгүн №43-кесиптик лицейдин окуучулары быйылкы жылы эмне жыл деп аталат деген сурамжылоо жүргүзүштү.

Жыл сүрүү – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж.б. эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда жыл сүрүү кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик жыл сүрүүсү 12 жаныбардын аты менен аталган:

чычкан,
уй,
жолборс,
коён,
балык,
жылан,
жылкы,
кой,
мечин,
тоок,
ит,
доңуз (кара кийик)

https://youtube.com/shorts/7Ku-HRsAOik?feature=share

Келе жаткан 2024-жыл ар бирибиз үчүн берекелүү жана кирешелүү жыл болсун!

Турсун Омуралиева