“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Кыргыз Туусу гезити «Жылдын мыкты лицейи» наамын берди.

27 Декабрь 2023 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 130

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейи жыл жыйынтыгы менен легендарлуу «Кыргыз Туусу» басма үйү тарабынан уюштурулган   “Жылдын мыкты лицейи” наамына ээ болду.  Салтанаттуу иш-чара менен сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 22-декабрында  «Мурас» тойканасында өткөрүлдү. 

Буга чейин Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев Кыргыз Республикасынын улуттуктун гезити болгон «Кыргыз Туусу» гезитинин 2023-жылдын 15-декабрындагы чыккан  №92 (24768)  санында «»Жылдын мыктылары» наамына ээ болгон.

«Бул сыйлыкта  лицейде иштеген жалпы жамааттын эмгеги бар. Мен үчүн лицейде иштеген ар бир адам жылдын мыктысы. Бул бир жагынан сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчиликти аркалаган милдет» -деп баса белгилөө менен Бакыт Темиралиев кесиптик лицейдин жалпы жамаатын куттуктады.

Сыйлык тапшыруу аземи кыргыздын салты боюнча төкмө акындын ыры менен башталды. Ыр ышкыбоздорунун арасында ысымы аттын кашкасындай таанымал, кара жаак акындардын бири, жылдын мыкты төкмө акыны Асылбек Маратов меймандарга сөз берметтерин арнап, алган сыйлыктары менен куттуктады.

Мына ушундай музыкалык куттуктоолордун коштоосунда “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн  директору-башкы редактору Мырзакат Тыналиевдин “Жыл мыктылары” долбоорунун жеңүүчүлөрүн — сыйлык ээлерин расмий куттуктоосу болду.

2023 жыл ичинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары, деги өлкөбүздү ар тараптуу өнүктүрүүдө биздин каармандарыбыздын эмгеги эбегейсиз экенин айтып, ар биринин ишине мындан аркы да ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалады.

Ар бир “Жыл мыктысы” – өз мекенинин чыныгы патриоту. Анткени, алардын ар биринин жыл бою жан үрөп иштеген иши, төккөн маңдай тери өзү жана өзүнүн үй-бүлөсү үчүн эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө социалдык, экономикалык, саясий, укук коргоо тармактарында болобу, адабият менен маданиятта, айыл чарбасында, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, курулушта, соода жаатында, спортто, жеке ишкерликте болобу, атүгүл мигрант катары сыртта жүрүп да Кыргызстандын кадырын көтөрүп, капчыгын толтуруп, ар кимиси өз алдынча салым-дарын кошуп келет.

Мына ошондуктан, биздин гезит “Жыл мыктыларын тандоодо” бардык тармакка, бардык эмгек ээлерине көңүл бурууга аракет кылды.

Натыйжада, башка мыктылардын катарында өнөр сересинде жүргөн белгилүүлөр Келдибек Ниязов,Саламат Садыкова, Динара Акулова, Каныкей Алымбековалар да “Жылдын мыктылары” наамына ээ болушуп, өнөрлөрү менен элге ырахат тартуулай кетишти.
Сыйлык тапшыруу салтанатыны ак дасторкон үстүндө эркин баарлашуу жана концерттик программа менен коштолду.

Жаңы жылыбыз жалаң сый-урматтын, жакшылыктардын, тынчтыктын жана ийгиликтердин жылы болсун, мекендештер!

Турсун Омуралиева