Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан N43-кесиптик лицейдин 2-курсунун окуучусу Байбол Келдибеков 27-декабрда Бишкек шаарындагы N18-кесиптик лицейинде өткөрүлүүчү ашпозчулук боюнча мелдешке катышып 3- орунга ээ болду.
Байбол Келдибеков N43-кесиптик лицейдин алдыңкы окуучуларынын катарын толуктайт. Буга чейин лицейдеги тайпалар арасында Байбол менен Марсель “Мыкты ашпозчу” наамына ээ болушкан. Ал эми бүгүнкү мелдешке Байбол катышып бирге окуган жолдошу Марсель колдоо көрсөтүү үчүн жанында болду.

Сүрөттө; (солдон оңду карай) Марсель Байболдун чогуу окуган жолдошу жана ашпозчу кесибинин устаты Динара Абакова менен

N18-кесиптик лицейде өткөрүлгөн ашпозчулардын WorldSkills аймактык таймашында окуучусу Байбол Келдибековго N-43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев колдоо көрсөттү

Билим берүү жана илим министирлигинин маалыматы боюнча; расмий уюштуруучулар-Кыргызстандагы WorldSkills, КР Билим берүү жана илим министирлиги жана “КАСЕФ” коомдук фонду, иш-чаранын өнөктөштөрү “Айко-Сейко” ЖЧКсы жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

WorldSkills international-эл аралык комерциялык эмес ассоциация, максаты-бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесипке даярдоодо квалификациялык статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Турсун Омуралиева