“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицейде окуучулар корей тилин үйрөнүүдө.

7 Февраль 2024 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 48

           Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде токуучулар корей тилин үйрөнүшүүдө. Бул лицейге быйылкы жылы Кореядан ыктыярчы-устат Мисс Енгми Муун келгенден бери, окуучулар корей тилин үйрөнүүгө кызыгышууда. Учурда №43-кесиптик лицейде «Ашпозчу», «Тигүүчү», «Айыл чарбасынын устаттары» кесибинде окуган окуучулар биригип, 20дан ашуун окуучу бул тилди үйрөнүүдө.

Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43-кесиптики лицейде окуучулар корей тилин абдан кызыгуу менен үйрөнүшүүдө. Алар сабакка активдүү катышып, заманбап Кореянын жашоосуна кызыгышат. Лицейде тил үйрөнүүгө бардык шарт түзүлгөн. Заманбап доска, проектор, окуу адабияттары менен жабдылган атайын  кабинет бар. Сабакты Мисс Енгми Муун келген волонтер өтөт.

Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Ёнгми Мун кесиптик лицейге “Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууну” ишке ашыруу максатында жиберилген.  Анын жардамы менен лицейге каржылык колдоо көрсөтүлүп келет. Азыр кыска мөөнөттүк корей курсун ачып, акысыз үйрөтүүдө.

 

Турсун Омуралиева