Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылына Ихсан Хайрия кайрымдуулук фондунун колдоосунда 300 тонна көмүр таратылды. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын иш аракети менен кайрымдуулукка карата келген көмүр 600 үй-бүлөгө бөлүнгөн.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Чүрөк Бургееванын берген маалыматы боюнча: » Жаңы-Жер айылына келген 300 тонна көмүрдү атайын тизмеген кирген гана үй-бүлөлөргө тараттык. Алар аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же көп балалуу үй-бүлөлөр болду. Ар дайым Ихсан-Хайрия кайрымдуулук фонду менен бирдикте Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу астында, муктаж уй-бүлөлөргө, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берилип турат. Айта кетсек, былтыркы ыйык орозо айына карата айыл тургундарына тамак-аш себеттерин таратып кетишкен».



Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы жана айыл тургундары “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фондуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирүүдө.
Турсун Омуралиева