“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

АИВ инфекциясы бар жарандарга карата басмырлоону жоюуу жана колдоо көрсөтүү керек.

19 Март 2024 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны: 48

       Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле ВИЧ/СПИДдин таркалышы көйгөйү менен күрөшүүдө. Биз өлкөдөгү АИВ илдети жуккан адамдардын алдында турган кыйынчылыктар жана алардын коомго аралашуусуна көмөктөшүү жолдору боюнча маалыматтарды туура берүүбүз керек. Чүй облусу боюнча АИВдин жайылышы 2024-жылдын 1-январына карата берилген маалыматын алсак, 2159-эркектер ал эми 1080-аялдар болууда. Албетте бул илдет менен жашаган адамдар олуттуу социалдык басмырлоого туш болушат.

Биз өлкөдөгү айыл аймактарындагы АИВ(Адамдын иммуннодефицит вирусу)-инфекциясы бар жарандарга карата басмырлоону жоюу жана колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүүгө аракет кылышыбыз керек. АИВти жугузуп алган адамга байланышкан, анын адамдык сапаттарына шек келтирген, басынткан сапаттарды таңуулоо стигматизация болот. Стигматизация адамда өзүн ыңгайсыз, күнөөлүү, жалгыз сезүүнү пайда кылганында гана эмес, башка адамдардын эч кандай аракет кылбоосуна же булардын укугун чектеген, же зыян келтирген аракетине алып келери менен да коркунучтуу. Мындай аракеттер АИВ менен жашаган адамдарга карата дискриминация болуп эсептелет дагы, ал адамдын өмүрүн тобокелдикке салып, илдетти өрчүтөт.
Ошондой эле, СПИД оорулуу адамдарды стигматизация жана дискриминация кылуу жана бул көйгөй жөнүндө унчукпоо алдын алуучу программаларды ишке ашырууга тоскоолдук кылат.


Буга карата Сокулук районундагы Жаны-Жер айыл тургундарынан ВИЧ-позитивдүү адамдарга карата кеңири жайылган стереотиптерди жана бейкалгыс пикирлерди изилдөө үчүн сурамжылоо жүргүздүк.

Турсун Омуралиева