Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейинде жаштар үчүн уюштурулган иш чара, Улуу британиянын Линкольн университетинин колдоосу менен Кыргызстанда, Индонезияда, Руандада жана Непалда дагы ишке ашырылууда. «Дүйнө үчүн мобильдик исскуство» аталышындагы эл аралык долбоорго №43-кесиптик лицейдин окуучулары жана Бишкек шаарындагы №87 жана №78 орто мектептеринин жаштары биригип жалпы 60 катышуучу катышышты. Аталган иш-чарада жаштар бир жарым жыл бою үйрөнгөн искусствонун ар кандай түрлөрү болгон театр, видео, сүрөт, комикс, музыка аркылуу өз сезимдерин жана тажрыйбаларын билдирүү жана ошондой эле чыгармачылыкта жаштар менен чоңдордун ортосунда байланыш түзүү көндүмдөрүн ортого салышып тажрыйба алмашышты.
Бул иш-чара Кыргызстанда эки жерде жүргүзүлүүдө: Жаны-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде «Magic Theatre » (Тетр Магиясы) деген долбоордун алкагындагы «Жаш Кубат» театрынын жетекчилиги астында жана экинчиси Бишкек шаарындагы мектепте «Исскуство аркылуу диалог» деп аталып, бул долбоор «Эл аралык толеранттуулук үчүн » фондунун жетекчилиги астында ишке ашырылууда.

Бул убакыттын ичинде долбоордун катышуучулары театралдаштырылган оюн-зоокторду, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, жаштардын муктаждыктары жана бакубат келечек жөнүндөгү ойлору тууралуу видеороликтерди тартышты.

Бул иш-чарада Кыргызстандагы эки долбоордун катышуучулары маалымат алмашышты: алар эмнени үйрөнүшкөндүгүн, алардын жыйынтыктарын белгилешип жана долбоордун таасири кандай болгондугун талкуулашты.

Иш-чаранын атмосферасы эркин жана достук маанайда өттү. Ар бир катышуучу өзүнүн актёрдук чеберчилигин көрсөтүүгө, адамдын жеке сапаттарын ачуу жана анын сырттан бардык өнүгүүсү үчүн искусствонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу диалогго катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Бишкектен келген коноктор лицейди, анын жакшы сакталган аймагын, кооздолгон залдарды, кеңселерди сүйүү жана чыгармачылык кызыгуу менен тосуп алышты.
Эл аралык долбоордун жыйынтыгында жаштар Индонезиянын, Руанданын жана Непалдын жаштарына ысык салам жолдошуп, алар да учурда өз өлкөлөрүндө ушундай жолугушууларды өткөрүп жатышкандыгынан кабардар болушту.
Турсун Омуралиева