“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Тренинг: Өнөктөштүк жана жарандарды социалдык-экологиялык колдоо практикасы

2 Май 2024 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 160

         Бүгүн Бишкек шаарында “Адилетүүлүккө миониторинг” долбоорунун алкагында “Өнөктөштүк жана жарандарды социалдык-экологиялык колдоо практикасы” боюнча тренинг өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага бейөкмөт уюмдары, жарандык коом, саясий кызыкдар тараптар, жергиликтүү бийлик органдары, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышышууда.
Учурда бул долбоор Кыргызстанда жарандарга социалдык-экологиялык колдоо көрсөтүү маселелери боюнча коомдук мониторинг жүргүзүүгө конкурс жарыялады.

Айта кетсек, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Адилеттүүлүккө мониторинг» долбоору Конрад Аденауэр атындагы фонд жетектеген жана Макс Планктын эл аралык тынчтык жана укук үстөмдүгү үчүн фонду, “БИОМ” ЭК жана “Алга” аялдар ассоциациясы менен кызматташтыкта болгон консорциум тарабынан жүзөгө ашырылууда.

 

Ал эми бул конкурстун максаты: ТӨМ контекстинде калкты социалдык-экологиялык колдоого коомдук мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык демилгелерди төмөнкү тематикалык багыттарда колдоо:
Жарандарга, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга жана башка аялуу топтогуларга социалдык колдоо көрсөтүү жана коргоо; эне менен баланы коргоо;
Жарандардын саламаттыгын коргоо жана жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу;
Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, климатты коргоо ж.б сыяктуу маселелерди камтыйт.

Турсун Омуралиева