“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-Кесиптик лицей-келечектин адистерин даярдайт

31 Май 2024 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 211

        Кыргызстанда кесиптик лицейлер эмгек рыногунда маанилүү курал деп айта алабыз. Алар квалификациялуу адистерди гана даярдабастан, айыл чарбасынын ар түрдүү тармактарында кадрлардын жетишсиздиги көйгөйлөрүн чечүүгө, өлкөнүн социалдык экономикалык абалын жакшыртууга жана бүткүл экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө  жардам берет. Мына ошондой кесиптик лицейлердин бири Сокулук районунун Жаны-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейи жаштарды заманбап эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон түрдүү кесиптерге даярдайт.

Өлкөдө кесиптик лицейлер жаштарга эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүнө негизделген квалификациялуу кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпысынан алганда кесиптик лицейлер эмгек рыногунун маанилүү элементи болуп саналат. Ал эми Сокулук районундагы №43-кесиптик лийейде алыскы аймактарда жашаган жана окуу же өз жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар дагы билим алышууда.

Азыркы учурда талап кылынган адистиктердин бири — айыл чарба өндүрушүнүн устаттары. Бул кесипте окуу аркылуу келечектин жаш адистери  дыйканчылыкты, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбачылыгын өздөштүрүү жана башкаруу үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алышат.

https://youtu.be/esQ_YlWeer8

Бул лицейде дагы бир маанилүү кесип — тигүүчүлүк. Заманбап рынокто тигүүчүлүккө суроо-талап жогору, ошондуктан аймактардан келген  көптөгөн жаштар бул адистикти тандашат. Окуу учурунда алар тигүүчүлүктүн ар кандай ыкмаларын өздөштүрүшөт, ошондой эле кездемелерди жана материалдарды таанып билишет.

Мындан тышкары, №43 лицейде туризм багытында, тоо жүрүшүнүн коштоочусу катары кесиптик билим ала алышууда. Студенттер туристтик топтор менен иштөөнү, өз өлкөсүнүн тарыхы жана маданияты менен таанышууну, ошондой эле чет тилдерди өздөштүрүүнү үйрөнүшөт. Быйылкы жылы англис тили, корей тили кружоктору ачылып, кызыккан жаштар тил үйрөнүүнү өздөштүрүштү.

Бул лицейде дагы бир кызыктуу кесип — кондитер ашпозчусу. Студенттер ар кандай тамактарды жана кондитердик азыктарды, анын ичинде торт, печенье жана башка таттууларды жасаганды үйрөнүшөт.

Ал эми быйылкы жылы №43 лицейинде сиз программалоону жана веб-дизайнды үйрөнө аласыз. Бул кесиптер заманбап эмгек рыногунда чоң суроо-талапка ээ, ошондуктан бул адистиктердин бүтүрүүчүлөрү жумуш менен камсыз боло алышат.  Себеби окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр өз адистиги боюнча жумуш таап, алган билимдерин иш жүзүндө ийгиликтүү колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Турсун Омуралиева