“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-кесиптик лицей: «Тарбиянын жан дүйнөгө жана мүнөзгө болгон таасири» иш чарасында

31 Май 2024 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны: 159

          Кыргыз Республикасынын президенттигине караштуу 99-маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде “ Тарбиянын жан дүйнөгө жана мүнөзгө болгон таасири” темасында форуму болуп өттү. Аталган форум  Республикалык  илимий-методикалык тарабынан уюштурулду.   Аталган иш чарага президенттик администрациядан, аталган министирликтин өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин жетекчилери катышышты. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими» наамынын ээси , белгилүү инсан Гапыр Мадамидинов 150 дөн ашык студенттерге  лекция окуду.  Иш чаранын соңунда  Сокулук районундагы №43-кесиптик лицейинин окуучулары профтехтин гимнин ырдашты.

Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин окуучулары Бишкек шаарындагы №99-кесиптик лицейцде өткөрүлгөн «Тарбиянын жан дуйнөгө жана мүнөзгө болгон таасири» форумунда

Билим алуу инсандын калыптанышына таасирин тийгизип, жанды, мүнөздү калыптандырат. Ал эми тарбия алуу бул-жан дүйнөнүн азыгы жана мүнөзгө болгон таасири деп билишибиз керек. Болочок адистер окуп, даярдалган кесиптик лицейде билим берүү өзгөчө мааниге ээ.

Башталгыч кесиптик лицейдин окуучулары билим берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, кесиптик лицейдин Гимн хорун ырдашат. Бул гимн билим берүү мекемесинин атмосферасын, анын баалуулуктарын жана милдеттерин чагылдырат, ошондой эле анын окуучулары үчүн билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Алыскы аймактардан көптөгөн студенттер өз кесиби боюнча билим жана шык алуу үчүн №43-кесиптик лицейге келишет. Бирок, мындан тышкары, алар адамдар менен өз ара аракеттенүү, чыр-чатактарды чечүү жана компромисстерди табуу боюнча баалуу тажрыйбага ээ болушат. Мунун баары студенттин мүнөзүнүн жана жан дүйнөсүнүн калыптанышына таасирин тийгизет.

Белгилей кетчү нерсе, биздин №43-кесиптик лицейде жаштарга билим берүү программасы менен гана чектелбестен, курсташтарына жана мугалимдерге болгон сый-урмат, кесиптик этика жана баарлашуу маданияты болушуна көңүл бурулат.

Негизинен кесиптик лицей адистерди гана даярдабастан, инсандарды да калыптандырат. Бул процесс үчүн билим берүү чоң мааниге ээ, ошондуктан кесиптик лицейдин окуучулары анын маанилүүлүгүн билиши керек. Башталгыч кесиптик билим берүунүн Гимн хору бул окуу жайдын студенттери карманган биримдиктин жана баалуулуктардын символу болуп кала бермекчи.

Турсун Омуралиева