“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

VIBES долбоорунун алкагында жаштар борбору жана чакан ишканалар ачылды

31 Май 2024 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны: 254

         Чүй облустунда VIBES долбоорунун алкагында жаштар борбору жана чакан ишканалар ачылды. Аталган VIBEs жаштар үчүн долбоору Чуй областына караштуу Аламудун районунун Виноградное айыл аймагында жана Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоор 15 жаштан 35 жашка чейинки аялуу жаштардын социалдык-экономикалык интеграциясын жана бакубаттуулугун туруктуу жакшыртууга багытталган. Долбоордун максаты-аймактагы жумушсуз жарандарды жумуш менен камсыз кылып, алардын инсандык жактан өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү. Бул долбоор аталган аймактарда 2022 жылдан 2025 жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Долбоордун алкагында Жан-Пахта айыл өкмөтүнүн Мирное айылында жана Аламүдүн районунун Виноградное  айылдарында жаштар борборлорун ачуу пландалган. Бул иш-чаралар 2024-жылдын 28-майында Виноградное жана Мирное айылдарында өткөрүлдү.

Буга чейин долбоордун алкагында кыз-келиндер  Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейден «тигүүчү» кесибине окушуп, колдоруна тастыктаган документтерин алышкан.  Учурда алар Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Мирное айылында «Ырыскы» кийим тигүүчү чакан ишканасын ачышып иштетишүүдө. Бул жагдайда Башт алгыч кесиптик билим берүү тармагы VIBES долбоорун биргеликте ишке ашырууда. Мына ошондуктан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу маселелерди жакшыртуу максатында иштеп жаткан долбоор үчүн абдан маанилүү жана баалуу экендигин белгилей кетүү менен төмөндөгү адамдар иш чарага чакырылган.
1. Жусупбекова Н. Ж. — Башталгыч кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
2. Темиралиев Б.Н. — Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейдин директору,
3. Омуралиева Т.Ш. — Коомдук фонддун жетекчиси: «Жаны-Жер» жамааттык мультимедиялык борбору, Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейдин психологу,
4. Мундусбаева М. — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы No37 кесиптик лицейдин директору.

Ал эми Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев өз оюн төмөнкучө билдире кетти;

«Экономикалык абал туруктуу болбогон азыркы заманда көптөгөн адамдар жумушсуз, туруктуу иш жок болгондуктан, турмуш шарты оор кырдаалга туш болушууда. Биз ар бир адам жаркын жана жакшы жашоого татыктуу деп эсептейбиз жана колдоого муктаж болгондорго жардам беришибиз керек.

Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев

Ошондуктан биз бул тигүү цехин түзүп берген VIBES долбооруна ыраазычылык билдирем. Бул жерде кыздар өздөрүнүн чеберчилиги жана эмгеги менен өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн камсыздай алышат. Дагы да бул долбоордун аркасында көптөгөн адамдар жашоосун жакшы жакка өзгөртө аларына ишенебиз.»

Ишканада квалификациялуу тигүүчу кыздар иштешет «Ырыскы»

Кыздардын бул жаңы тигүү цехи коомубуз үчүн кооз жана пайдалуу нерсени жаратуу үчүн чоң күч-аракет жана чеберчилик менен адамдар чогулган жер болсун. Бизге окшогон кесиптик лицейлер бул долбоор менен итштешүүгө дайым даярбыз. Бул цехти ачкан кыздар ды буга чейин биз тигүүчүлук кесибине окутканбыз. Мына эми алар өздөрүнун кыялдары орундалып, чакан ишканасын ачып отурушат. Бул цех биздин колдообузга муктаж болгон ар бир адам үчүн үмүттүн жана татыктуу келечектин символу болуп калсын демекчимин.

Долбоордун алкагында кыз-келиндер үчүн  ачылган Мирное айылындагы «Ырыскы» кийим тигүү ишканасы

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, бул долбоордун алкагында катышуучуларга ар кандай тренингдерден өтүп, андан тышкары идеясы бар, каалоосу ашып ташкан, иш баштоого даяр катышуучулар бизнес план жазышып, конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алышат.  Комиссиясынын чечими менен колдоо тапса жазылган грант ишке ашырылып, катышуучу өз ишин баштоого грант утуп ала алат. Кыска мөөнөттүү курстарга окууга кызыккандар курстарга жөнөтүлүп, акысыз билим алышат жана алган билими боюнча жумушка орношууга көмөк көрсөтүлөт.

Турсун Омуралиева