“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№43-Кесиптик лицейдин окуучулары жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүдө

3 Июнь 2024 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны: 162

      Бүгүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин окуучулары жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация сынагын тапшырышууда. Келечектин жаш адистери 2 жыл ичинде 11-классты бүттү деген аттестат жана тармактык адистиги боюнча диплом алуу алдында турушат. Бул маанилүү этап экзамен жаркын келечекке кадам койуунун башталышы болуп саналат, бул үчүн лицейдин жаштары окуу жылы бою даярданышкан.

Кесиптик лицейде орус тили сабагы – лицейдин билим берүү программасында маанилүү роль ойногон негизги предметтердин бири. Орус тили боюнча сынак грамматика жана орфография боюнча билимин гана эмес, студенттердин тексттерди талдоо, өз оюн так жана сабаттуу айтуу, тил маданиятынын жалпы деңгээлин көрсөтүү жөндөмүн да текшерет. Ал эми 43-кесиптик лицейдин окуучулары бул экзаменге ынтызарлык жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу менен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын тапшыруу учурунда.

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары

№43-кесиптик лицейдин окуу блм боюнча директордун орун басары Асира Назарматова: Бүгүн биздин кесиптик лицейдин окуучулары мамлекеттик экзаменди тапшырууда. Z00m тиркемеси  Орус тили мугалими Бегайым Орозакуновна жыл бою окуучуларына жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасады. Ал кошумча консультацияларды өткөрүп, сынактарды уюштуруп, ачык сааттарды байма бай өткөрүп турду. Ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша жекече жардам көрсөттү.

Бардык окуучулар лицейде окуп жүргөндө алган билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтө алат деп ишенемин. Ал эми лицейдин мугалим- устаттары жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтү аракетинде болушту. Лицейдин окуучуларына  кийинки бардык экзамендерди ийгиликтүү тапшырышын каалайбыз жана алардын эмгеги жана аракети жогорку баалар менен сыйланат деп ишенебиз. Алардын ар бири өз максаттарына жетип, өз жөндөмүнө ишеним менен билимин уланта берсин.”

        Белгилей кетсек, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация  тапшыруу, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Z00m тиркемеси аркылуу онлайн көзөмөлдөнүүдө.

Турсун Омуралиева