Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде тарых сабагы боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация башталды. Тарых предмети боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация, ошондой эле окуучулар үчүн өтө маанилүү жана аларга алган билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү күн. Бүгүнкү аттестация тажрыйбалуу тарых мугалими Гүльназа Калдарали кызы жетекчилиги астында өтүүдө. Анын кесипкөйлүгүнүн жана берилгендигинин аркасында окуучулар экзамендерге ар тараптуу даярданышты.
Жаңы-Жер айылындагы Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин мугалими Гүльназа Калдарали кызы тарых сабагы жана окутуу усулдары боюнча терең билимге ээ болуп, теориялык да, практикалык да сабактарды камтыган эффективдүү окуу программасын иштеп чыккан. Окуу жылында тарых сабагынан ачык сааттарды өткөрүп, окуучуларды талкууларга жана семинарларга жигердүү тартты, анын бул методикасы окуучуларга материалды жакшыраак өздөштүрүүгө жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Ал эми Гульназа Калдарали кызы өзүнүн оюу менен бөлүшө кетти: Бүгүнкү сынакта менин окуучуларым комиссиянын суроолоруна жооп берип, тарыхый окуяларды талдап, жыйынтык чыгарууга жөндөмдүү экендиктерин көрсөтүшү керек. Буга чейин алар тарыхый фактылар боюнча окуп жана ар кандай булактарды колдонуп презентацияларды жасап келишкен. Окуучуларым бүгүн жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана өзүнө болгон ишенимди көрсөтө алышат деп ишенем.

Алардын көбү интенсивдүү окуунун жана Гүлназа Калдарали кызы колдоосунун аркасында бардык аттестациялык тапшырмаларды аткарууга даяр сезилерин белгилешти.

Кесиптик лицейде тарых боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация №43 – окуу жылын аяктоо жолунда ар бир окуучу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Гүлназа Калдарали кызы кесипкөйлүгүнүн жана окуучуларыбыздын тырышчаактыгынын аркасында аттестациянын жыйынтыгы жогору болоруна ишенебиз. Бардык катышуучуларга сынактарда ийгилик жана ийгиликтерди каалайбыз!
Турсун Омуралиева