“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

№ 43-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын акыркы этабына келишти

14 Июнь 2024 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны: 70

       Сокулук райогнундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан № 43-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын акыркы этабына келишти, тактап айтканда «Кыргыз тили жана адабияты» сабагынан мамлекеттик экзаменди тапшырышууда. Бүгүнкү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация лицейде көп жылдык эмгеги сиңген кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Асыл Базарованын жетекчилигинин астында өткөрүлүудө.

Жаны-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде жалпысынан ар кайсы кесиптикке окушкан  7 тайпа бүтүрүүчү экзамендерин берүүдө. Алардын ичинен «ашпозчу» кесибинин жана «айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибинин окуучулары жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүшүүдө. Учурда мамлекеттик экзамен Zoom тиркемеси аркылуу онлайн форматта байкоочулардын көзөмөлүндө өткөрүлүп жатат.

Турсун Омуралиева