Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө орто билими тууралуу аттестат тапшырылды. Быйылкы жылы окуу жайды ар тармактагы кесиптикте окушкан 7 тайпада окушкан айыл чарбасынын устаты, тигүүчү, ашпозчу-кондитер сыяктуу адистердин ээлери аякташты. Алар өз кесиби менен иштеп кетишсе дагы, дээрлик көпчүлүгү жогорку окуу жайына тапшырууну көздөшөт.
Кесиптик лицейди аякташкан жаш адистер билим жолундагы алгачкы кадамдарын кесиптик лицейден баштаган туура деп эсептешет.
Окуу жайды аякташкан бүтүрүүчүлөр менен баарлашканда төмөнкүчө ойлорун айтышты:
“ Азыр биздей жаштарга жогорку окуу жайында окуганда акча каражатынан кыйналып калбаш үчүн кошумча жумуш иштөөгө туура келет. Бирок колуңда тастыктаган документиң болбосо ишкерлер дагы жумушка алуудан баш тартышат. Биздин билимге болгон аракетибизди жогорку билимге болгон каалообузга жетүүгө обөлгө болгон, бийик максаттарга жетелеген документибиз кесиптик лицейден алган дипломубуз болот деп ишенебиз”

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерге жаңы жетишкендиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө толгон жаркын келечек каалайбыз! Алдыга умтулуп, бийик максаттарыңарга жеткиле!
Турсун Омуралиева