Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдык мааракеси, Манас Эл аралык аэропортунда салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Бул иш-чарага аэропорттун кызматкерлери, расмий коноктор катышышты. Ал эми аталган иш-чарада коноктор үчүн фуршеттик дасторкон даярдалып, кесиптик лицейдин студенттери тейлөө кызматына жардамдашышты.
Иш-чаранын алкагында «Манас» аэропортунун туунду компаниясы болгон Манас Менеджмент Компаниясынын Бортко тамак даярдоо бөлүмү фуршеттик кызмат көрсөттү. Иш-чарадагы фуршеттик тейлөөгө кызматына Б.С. Шаршенбаев атындагы 43-кесиптик лицейдин студенттери дагы активдүү катышты. Б.С. Шаршенбаев атындагы 43-кесиптик лицейи менен Манас Менеджмент Компаниясынын кызматташтыгы өткөн жылдан бери ийгиликтүү өнүгүп, жаш адистерди кесипкөйлүккө шыктандыруу багытында маанилүү кадамдарды жасап келет. Бул кызматташуу, айрыкча, студенттердин келечектеги карьерасына багыт берип, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Фуршеттик тейлөө боюнча алган тажрыйба келечектин кесип ээлери боло турган студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Иш-чара мамлекеттик тилдин маанисин даңазалоо менен бирге, билим берүү менен бизнес секторунун ортосундагы кызматташтыктын үлгүсүн көрсөттү.