“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн жакшы кабар: Эл ынтымагын бекемдеген инсандар сыйланды

30 Октябрь 2025 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 63

   Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтү — бул көп улуттуу эл ынтымакта жашаган, биримдиги бекем, өнүгүүгө багыт алган аймак. Ар улуттун өкүлдөрү бул жерде тынчтыкта, достукта жана өз ара урматтоо менен жашап, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келишет.

Жакында айыл өкмөтүндө коомдук жашоого жана эл кызматын аркалоого чоң үлүш кошкон жарандарды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чараны Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Абдыкеримов уюштуруп, коомдук иштерге активдүү катышкан, эл үчүн үзүрлүү эмгектенген инсандарга “Мыкты инсаны” төш белгисин тапшырды.

Бул сыйлыкка татыктуу болгон жарандар — Исаев Магомедкамил Магомедсаломович жана Мирзоев Хизригаджи Магомедович. Алар көп жылдан бери айылдын коомдук турмушунда өз үлгүсүн көрсөтүп, ынтымакты, биримдикти жана өз ара жардамдашуу духун чыңдоодо көрүнүктүү иштерди аткарып келишет.

Айыл башчысы Максат Абдыкеримов өз сөзүндө мындай деди:

“Биздин айыл ар улуттун өкүлдөрүн бир үй-бүлөдөй бириктирген ынтымактын символу. Мындай тынчтык менен өнүгүүгө өз салымын кошкон ар бир жараныбыз сыйлоого татыктуу. Бүгүн биз Исаев Магомедкамил менен Мирзоев Хизригаджини эл алдында баалап жатабыз — бул алардын гана эмес, бүтүндөй Жаңы-Пахта элинин сыймыгы.”

Бул сыйлык ээлеринин тынымсыз эмгеги, жоопкерчиликтүү жарандык позициясы жана айыл турмушун жакшыртууга кошкон зор салымы коомчулук тарабынан жогору бааланууда.

Исаев Магомедкамил жана Мирзоев Хизригаджи дайыма коомдук иштерге демөөрчүлүк кылып, жаштарга үлгү болуп келишет. Алардын аракети аркылуу айылдагы ынтымакты, достукту сактоо жана өнүгүүнү колдоо багытындагы көптөгөн иш-чаралар ишке ашырылды.

Жергиликтүү тургундар бул сыйлыкты толук татыктуу деп эсептеп, мындай демилгелер айылдын биримдигин дагы да бекемдерине ишеним артып жатышат.

“Мындай урматтоо — эл үчүн иштеген ар бир адамды шыктандырат. Биз айыл өкмөтү менен биргеликте мындан ары да тынчтыкта, биримдикте, өнүгүү жолунда иштей беребиз,” — дешти сыйлык ээлери.

Жаңы-Пахта айыл аймагында бүгүнкү күндө ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап жаткан үлгүлүү аймак катары саналат. Элдин биримдиги менен айылдын өнүгүүсү, жашоонун жакшыртылышы — ушул өңдүү ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандардын үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.

Турсун Омуралиева