“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер; №43-кесиптик лицейде заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө

13 Ноябрь 2025 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны: 55

           Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы Б.С.Шаршенбаев атындагы №-43 кесиптик лицейи, үстүбүздөгү 2025-жылдын январь айында  Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицей расмий түрдө И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) курамына кирди. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтомуна ылайык кабыл алынып, лицейдин тарыхындагы жаңы баракты ачты.
Лицейдин КГТУ курамына кириши  менен кесиптик билим берүү менен жогорку билимдин өз ара интеграциясын чыңдоого, билим сапатын көтөрүүгө И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) ректору Мирлан Чыныбаевдин колдоосу менен  №43 кесиптик лицейдин окуу корпусунун жасалгасына 150 000 сом өлчөмүндө акчалай каражат бөлүнүп берилди. Бул каражат окуу жайдын материалдык базасын чыңдоого, окуу бөлмөлөрүнүн ички көрүнүшүн жакшыртууга жана студенттер менен мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталды.

Лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу белгилегендей, бөлүнгөн каражатты үнөмдүү пайдалануу жана жамааттын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу максатында көпчүлүк жасалгалоо иштери мугалим-устаттар менен студенттердин өз колу менен аткарылды. Алар окуу аудиторияларын, устаканаларды жана административдик бөлмөлөрдү өздөрүнүн идеялары жана демилгелери аркылуу көрктөндүрүштү.

“Биз үчүн бул иш – жөн гана оңдоо эмес, бул студенттерге үлгү болчу жаратмандык процесси болду. Ар бир мугалим жана окуучу өз күчү менен өзгөрүү жарата аларыбызды далилдедик. Бул окуу жай аймактык өнүгүүгө салым кошкон лицей. Шаардан 30 чакырым аралыкта жайгашкан №43 Б. С. Шаршенбаев атындагы кесиптик лицейде айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары, тигүүчүлөр, ашпозчулар, механиктер, кол өнөрчүлөр жана башка практикалык кесип ээлери даярдалат. Лицейдин билим берүү программалары аймактын реалдуу турмушуна жана өндүрүш муктаждыктарына ылайыкташкан.
Мында салттуу билим менен аймактык билимди айкалыштырган таалим системасы колдонулат. Бул ыкма жаштарды эмгекчил, жоопкерчиликтүү жана жаратман инсан катары тарбиялоого өбөлгө түзөт. Биздин лицейде ысырапкорчулукка жол берилбейт. Ар бир иш чара, ар бир оңдоо – жамааттык эмгектин жана тарбиянын бир бөлүгү. Студенттер устаттары менен чогуу иш алып барып, чыныгы кесипкөйлүккө үйрөнүшөт,” – деди директор Нурсултан Жаныбек уулу.

2025-жылдагы чоң өзгөрүүлөр: заманбап ремонт жана дизайн

2025-жылдын июнь айында лицейдин окуу корпусу толугу менен жаңыланып, заманбап стандарттарга ылайык ремонт жана жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттер жана мугалимдер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана функционалдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү болду.

Жаңылануунун алкагында бир нече маанилүү багыттар ишке ашты:
1. Ички бөлмөлөрдү жаңылоо.
Бардык аудиториялардын, лабораториялардын, коридорлордун жана административдик бөлмөлөрдүн дубалдары, шыптары жана полдору толук оңдолду. Ремонтто экологиялык жактан коопсуз жана узак мөөнөткө кызмат кыла турган материалдар колдонулду.
2. Окуу жайларын заманбап жабдуу.
Аудиторияларга жаңы такталар, мультимедиа панелдер, проекторлор жана лабораториялык жабдуулар орнотулду. Мебель эргономикалык талаптарга жооп бере тургандай тандалып, студенттердин жана мугалимдердин ден соолугуна ыңгайлуу шарт түзүлдү.
3. Энергияны үнөмдөө жана экологиялык чаралар.
Энергияны үнөмдөөчү технологиялар киргизилип, имараттын жылуулук жана ызы-чуу изоляциясы жакшыртылды. Бул лицейдин коммуналдык чыгымдарын азайтып, туруктуу өнүгүү багытына шайкеш келет.
4. Декоративдик жана функционалдык дизайн.
Маалымат стенддери, көрсөткүчтөр, табличкалар жана окутуу материалдары үчүн атайын зоналар түзүлдү. Дизайнда лицейдин корпоративдик түстөрү жана логотиби колдонулуп, окуу жайдын өзүнө таандык эстетикалык стили калыптанды.
5. Ыңгайлуу жана жеткиликтүү чөйрө түзүү.
Эс алуу зоналары, холлдор жана рекреациялык бөлмөлөр жаңыртылып, заманбап жарыктандыруу орнотулду. Бардык бөлмөлөр коопсуздук талаптарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүк стандарттарына жооп берет.

Натыйжа – келечекке жол ачкан билим ордосу. Бул ири өзгөрүүлөрдүн натыйжасында №43 Б. С. Шаршенбаев атындагы кесиптик лицей бүгүнкү күндө заманбап, эстетикалык жана функционалдуу билим берүү мекемесине айланат деп ишенели. Мугалимдер менен студенттердин жаратмандык эмгеги, жетекчиликтин ак ниет колдоосу жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылдык лицей жаңы өң-түс алып, чыныгы өнүгүүнүн үлгүсүн көрсөтсүн.

Бул ийгилик лицей жамаатынын биримдигин жана билим берүүдө жаңыланууга болгон каалоосун айгинелейт. Эми лицейдин негизги максаты — жаштарды заман талабына ылайык кесипке үйрөтүү менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.

Турсун Омуралиева