“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

“Жаңы-Жер” жамааттык мультимедиа борбору

Жаңы-Жер; №43-кесиптик лицей менен Омск Мамлекеттик Агрардык Университети кызматташат

16 Ноябрь 2025 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны: 56

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицей менен Омски мамлекеттик агрардык университети (ОмГАУ)алты багыт боюнча агрардык тармактагы кадрларды даярдоону чыңдоо максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке ОмГАУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Анастасия Крикливая жана лицей директору Нурсултан Жаныбек уулу кол койду.

ОмГАУнун эл аралык байланыштар бөлүм башчысы Анастасия Крикливская менен Б. С. Шаршенбаев атындагы 43-кесиптик лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу

Кызматташтык төмөнкү алты багытты камтыйт: ветеринария, зоотехния, агрономия, биотехнология, тамак-аш технологиялары жана агроинженерия. Тараптар 2025–2026-жылдары биргелешкен багыт берүү иш-чараларын, олимпиадаларды жана кесиптик конкурстарды өткөрүүнү пландаштырууда.

ОмГАУ нун эл аралык байланыштар бөлүм башчысы Анастасия Крикликливская менен 43-кесиптик лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу Меморандумга кол коюу учурунда

Меморандум ОмГАУнун Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында түзүлдү. Иш сапар маалында университет өкүлдөрү агрардык сектордогу кадр маселелерин талкуулап, өлкөнүн бир катар окуу жайлары жана министрлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Улуттук китепканада өткөн Евразиялык билим берүүнүн X көргөзмөсүндө ОмГАУнун ветеринария боюнча интерактивдүү тайпасы өзгөчө кызыгуу жаратты.

Б.СШаршенбаев атындагы 43-кесиптик лицейдин окуучулары

Тараптар кызматташтык лицей бүтүрүүчүлөрүнө агрардык тармакта сапаттуу билим алууга жана кесиптик даярдыгын күчөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

№43 кесиптик лицей менен Омски мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташуу — кыргыз агрардык билим берүү тармагы үчүн маанилүү кадам. Бул демилге жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстандын айыл чарба тармагына заманбап билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого чоң салым кошот.

Эки тараптын биргелешкен иш-аракеттери 2025–2026-жылдары конкреттүү жыйынтыктарды берери күтүлүүдө.

Турсун Омуралиева